# 27-берене. Милдеттерди убактылуу аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 27-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-27

---

1. Кызматкерге анын макулдугу менен, ошол эле учурда ээлеген кызмат орду боюнча милдеттерден бошотуу же бошотпоо менен, башка кызмат орду боюнча милдеттер убактылуу жүктөлүшү мүмкүн.

2. Укук коргоо органдарында кызмат орду боюнча милдеттерди убактылуу аткаруунун мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.

3. Кызматкерди бош кызмат ордуна милдеттерди убактылуу аткаруучу катары дайындоого жол берилбейт.

4. Ушул беренеге ылайык укук коргоо органдарында кызмат орду боюнча милдеттерди убактылуу аткаруучу кызматкерге акчалай күтүм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте төлөнөт.

5. Ыкчам-кызматтык ишке байланышпаган жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүгө уруксатты талап кылбаган кызмат ордун ээлеп турган кызматкерлер бала багуу боюнча өргүүгө чыккан мезгилге аларды аттестациядан өткөн курамдагы адамдар же болбосо атайын наам ыйгарбастан жарандар менен алмаштырууга жол берилет.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-28)
