# 25-берене. Кызматкерлерди ротациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 25-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-25

---

1. Кадрдык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, кызматтык жана кесиптик өнүгүү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматтык жактан өсүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле терс натыйжалардын алдын алуу максатында укук коргоо органдарында кызматкерлерди ротациялоо жүргүзүлөт.

2. Ротациялоо укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечиминин негизинде 5 жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт. Кабыл алынган чечим буйрук түрүндө таризделет.

Өзгөчө учурларда ротациялоо белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүлүшү мүмкүн. Кызматкерлерге ротация жүргүзүү тартиби укук коргоо органдары тарабынан аныкталат.

3. Багуусунда майып балдары же башка майып үй-бүлө мүчөлөрү бар, ошондой эле эмгекке жараксыз ата-энеси менен дайыма чогуу жашаган кызматкерлер, эгерде кызматкер үй-бүлөнүн жалгыз баласы болуп саналса, ошондой эле эгерде кызматкер жашы жете элек балдардын жалгыз ата-энеси болсо, башка жерге көчүүгө байланышкан ротациялоого жатпайт.

4. Кызматкерди анын саламаттыгынын абалына каршы көрсөтүлгөн кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.

5. Ротацияланууга тийиш болгон кызмат орундарынын тизмеги жана аны жүргүзүү тартиби укук коргоо органы тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-26)
