# 24-берене. Кызматкерлерди жылыштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 24-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-24

---

1. Кызматкерлерди жылыштыруу ошол эле укук коргоо органындагы жогору турган, бирдей деңгээлдеги же төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кызматкерлерди жетектөөчү кызмат орундарына жылыштыруу ыйгарым укуктуу жетекчинин сунушу боюнча көрсөтүлүүчү кадрлар резервинен жүзөгө ашырылат. Кадрлар резервин түзүү тартиби жана көрсөтүлүүчү жетектөөчү кызмат орундарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Укук коргоо органдарындагы кызмат орду, эгерде ал үчүн жогорураак атайын наам каралса, ал эми каралган атайын наамдар бирдей болгондо - жогорураак кызматтык маяна каралса, жогору турган кызмат орду болуп саналат.

7. Кызматкерди бирдей деңгээлдеги кызмат ордуна жылыштыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) ротациялоо тартибинде;

2) кесиптик даярдыгын өркүндөтүү максатында коллегиянын же ыкчам кеңешменин чечиминин негизинде;

3) укук коргоо органынын штаттарды кыскартууга, аны кайра уюштурууга, ошондой эле анын структуралык бөлүгүн жоюуга байланыштуу;

4) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык саламаттыгынын абалы боюнча;

5) жеке же үй-бүлөлүк абалы боюнча;

6) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктүн токтотулушуна байланыштуу;

7) Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, жакын туугандык байланышта турган кызматкерлердин тикелей баш ийүүдө же контролдо болуусуна байланышкан жагдайларды четтетүү максатында.

8. Укук коргоо органындагы кызмат орду, эгерде ал үчүн бирдей атайын наам жана кызматтык маяна каралса, бирдей деңгээлдеги болуп эсептелет.

9. Укук коргоо органынын кызматкерин ушул берененин 7-бөлүгүнүн 5-6-пункттарында каралган негиздер боюнча бирдей деңгээлдеги кызмат ордуна жылыштыруу анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.

10. Кызматкерди төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) жеке өтүнүчү боюнча;

2) штаттарды кыскартууга, укук коргоо органын кайра уюштурууга, ошондой эле анын структуралык бөлүктөрүн жоюуга же өзгөртүүгө байланыштуу;

3) бирдей деңгээлдеги кызмат орду болбогондо, кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө сот чечиминин негизинде;

4) жакын туугандык же куда-сөөктүк байланышта турган кызматкерлердин тикелей баш ийүүдө же контролдо болуусуна байланышкан жагдайларды четтетүү максатында;

5) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик сырды же мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктүн токтотулушуна байланыштуу;

6) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык саламаттыгынын абалы боюнча;

7) тартиптик жаза берүү иретинде;

8) ротациялоо иретинде бирдей деңгээлдеги кызмат ордуна жылыштыруудан баш тарткандыгына байланыштуу;

9) аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде кызматкердин кызмат ордуна ылайыктуу эместигине байланыштуу.

11. Укук коргоо органындагы кызмат орду, эгерде ал үчүн төмөнүрөөк атайын наам каралса, ал эми каралган атайын наамдар бирдей болгондо - төмөнүрөөк кызматтык маяна каралса, төмөн турган кызмат болуп саналат.

12. Кызматкерди ушул берененин 10-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган негиздер боюнча төмөн турган кызмат ордуна жылыштыруу анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.

13. Укук коргоо органдарынын штаттарын кыскартууда, кайра түзүүдө, анын структуралык бөлүктөрүн жоюуда же өзгөртүүдө, эгерде бирдей деңгээлдеги бир кызмат ордуна бир нече кызматкер талаптанса, ошол багытта иш тажрыйбасы көп, тартиптик жазасы жок кызматкерге анын кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу менен артыкчылык берилет.

14. Кызматкерди ушул берененин 10-бөлүгүнүн 3-6-пункттарында каралган негиздер боюнча төмөн турган кызмат ордуна жылыштырууга аны бирдей деңгээлдеги кызмат ордуна жылыштырууга мүмкүн болбогон учурда жол берилет.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-25)
