# 23-берене. Укук коргоо органдарында кызмат орундарына дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 23-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-23

---

1. Ички иликтөө бөлүгүнүн жетекчисин дайындоо жана аны бошотуу укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Катардагы, кенже, орто жана улук жетектөөчү курамдын штаттык кызмат орундарына дайындоо укук коргоо органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан жүргүзүлөт.

3. Ички иликтөө бөлүктөрүнүн катардагы, кенже, орто жана улук жетектөөчү курамдагы штаттык кызмат орундарына дайындоо ички иликтөө бөлүгүнүн жетекчисинин сунушу боюнча укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

4. Кызмат ордуна дайындоо кызматтык ишинин натыйжаларын, иш тажрыйбасын жана кесиптик компетенциясын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-24)
