# 22-берене. Кызматкердин анты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 22-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-22

---

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында төмөнкүлөр милдеттүү түрдө ант берет:

1) укук коргоо органдарына кызматка биринчи жолу кирген адамдар;

2) мурун кандайдыр бир себептер менен ант бербей калган кызматкерлер.

2. Ант укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин катышуусунда, салтанаттуу жагдайда берилет.

3. Кызматка биринчи жолу кирип жатып, кызматкер жазуу жүзүндө төмөнкүдөй антты берет:

"Мен, (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы) Кыргыз Республикасынын жараны, (органдын аталышы) кызматка кирип жатып, Кыргызстандын элине берилип кызмат кылууга салтанаттуу ант беремин жана төмөндөгүлөргө ант кыламын:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, уставдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын ыйык сактоого;

- өз өмүрүмдү аябастан жарандардын жана мамлекеттин укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамга каршы кол салуулардан коргоого;

- өз ишимде мыйзамдуулук, чынчылдык жана адилеттүүлүк принциптерин карманууга, кыраакы жана кайраттуу кызматкер болууга, инсандыкты урматтоого, мамлекеттик жана кызматтык сырды бекем сактоого;

- кызматтык парзымды жана мага жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүү аткарууга, ошондой эле жетекчинин буйруктарын аткарууга;

- кызматтын кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерде кызмат өтөөгө.

Берген антымды бузсам, мага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жазалар сөссүз берилсин.".

4. Кызматкердин ант берүү тартибин укук коргоо органдары аныктайт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-23)
