# 21-берене. Атайын наамдарды төмөндөтүү жана алардан ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 21-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-21

---

1. Атайын наамды бир баскычка төмөндөтүү укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими менен тартиптик жаза түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Атайын наамы төмөндөтүлгөн кызматкердин мурдагы атайын наамы ал төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан эрте эмес убакытта жана кызматтык оң мүнөздөмөсү бар болгондо калыбына келтирилет.

3. Атайын наамды төмөндөтүү жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алган укук коргоо органынын жетекчиси жана (же) ыйгарым укуктуу жетекчи Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына жана жоруктар жана кылмыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

4. Кызматкер соттун өкүмү боюнча атайын наамдарынан ажыратылышы мүмкүн.

5. Атайын наамдан ажыратылган кызматкер укук коргоо органдарынан катардагы курамдын кызматкери катары бошотулат. Кызматкердин иштеген жылдары же оорусу боюнча пенсияга чыгуу укугу келип чыккан учурда, атайын наам боюнча маянанын өлчөмү пенсияны эсептөөдө тиешелүү түрдө укук коргоо органынын катардагы курамынын атайын наамы боюнча эсептелет.

6. Жогорку жетектөөчү курамдагы кызматкер атайын наамынан төмөндөтүлүшү, ал эми кийин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте анын атайын наамы калыбына келтирилиши мүмкүн.

7. Атайын наамдан мыйзамсыз ажыратылган учурда, соттун чечимине ылайык мурунку атайын наамын калыбына келтирүү жөнүндө буйрукту атайын наамдарды ыйгаруу укугуна ээ болгон кызмат адамы чыгарат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-22)
