# 20-берене. Атайын наамдарды мөөнөтүнөн мурда же бир баскычка жогору ыйгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 20-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-20

---

1. Кызматкерге кызматта жогорку натыйжаларга жетишкендиги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн сыйлоо иретинде кезектеги атайын наам ыйгарылышы мүмкүн:

1) мөөнөтүнөн мурда - мурунку атайын наамында иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндө жана ыйгарылуучу атайын наам ээлеп турган кызмат орду боюнча каралган атайын наамга ылайык келгенде;

2) ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору - мурунку атайын наамында иштеген жылдарынын экиден кем эмес мөөнөтү өткөндө.

2. Календардык эсептөөдө 20 жана андан көп иштеген жылдары бар, жаш курагы боюнча кызматтан бошогон кызматкерлерге мурунку атайын наамында иштегендигинин бир жарым мөөнөтү бүткөндө кезектеги атайын наам ээлеген кызмат орду боюнча каралгандан бир баскычка жогору ыйгарылат.

3. Илимий даражасы (илимдин кандидаты жана доктору) же илимий наамы (доцент жана профессор) бар кызматкерге полковникке чейинки кезектеги атайын наам укук коргоо органында кызмат өтөгөн бүткүл мезгилинин ичинде мөөнөтүнөн мурда эки жолудан көп эмес ыйгарылышы мүмкүн.

4. Атайын наамдар укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн бүткүл мезгилде мөөнөтүнөн мурда эки жолудан көп эмес ыйгарылышы мүмкүн.

5. Ээлеп турган кызмат орду боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору атайын наам укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн бүткүл мезгилдин ичинде бир жолу ыйгарылат.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-21)
