# 2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233490..1233491>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 2-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-2

---

1. Прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жаткан, мыйзамдарда алар үчүн кызмат өтөөнүн башка тартиби белгиленген адамдарды кошпогондо, ушул Мыйзамдын колдонулуусу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөп жаткан адамдарга жайылтылат.

Ушул Мыйзамдын күчү салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарына, алардын иши салык кызматынын органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө жайылтылат.

2. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору кызматкерлерге ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган бөлүгүндө жайылтылат.

3. Ушул Мыйзам укук коргоо органдарында саясий кызматты ээлеп турган адамдарга алардын укуктук абалын жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө жайылтылат.

4. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзамдын колдонулушу жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерине жайылтылбайт.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-3)
