# 18-берене. Атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби жана шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 18-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-18

---

1. Кызматкерге атайын наам анын билимин, иштеген жылдарын жана ээлеп турган штаттык кызмат ордун, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка шарттарды эске алуу менен жекече ыйгарылат.

2. Ыйгаруунун ырааттуулугуна жараша атайын наамдар биринчи жана кезектеги болуп бөлүнөт.

3. Атайын наамдар класстык чендерди жана дипломаттык рангдарды эсепке албастан ушул Мыйзамга ылайык ыйгарылат.

4. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын биринчи атайын наамдары жарандарды укук коргоо органдарына кызматка кабыл алганда кызмат ордуна дайындоо менен же укук коргоо органдарынын, анын ичинде чет мамлекеттердин окуу жайларына кабыл алуу менен бир эле убакытта ыйгарылат.

5. Биринчи атайын наам (милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты, бажы кызматынын кенже лейтенанты) жарандарга укук коргоо органынын ортоңку жана улук жетектөөчү курамынын кызмат ордуна дайындоо менен бир учурда ыйгарылат.

6. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Запастагы аскердик же атайын наамы бар, укук коргоо органдарына кызматка кирген адамдарга кызмат ордуна карабастан учурдагы наамына туура келүүчү атайын наам ыйгарылат.

8. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын, Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларын бюджеттик окутуунун күндүзгү формасы боюнча, чет мамлекеттердин ушундай эле жогорку билим берүү мекемелерин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге же алардын негизинде түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууларга ылайык аяктаган бүтүрүүчүлөргө "милициянын лейтенанты", "ички кызматтын лейтенанты", "бажы кызматынын лейтенанты" деген биринчи атайын наам ыйгарылат.

10. Мурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында же Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу укук коргоо органдарында кызмат ордуна дайындалгандан кийин учурдагы наамда иштеген жылдарынын жана бошотулганга чейинки наамда иштеген жылдарынын мөөнөттөрүн чогуу эсептөө менен жүргүзүлөт.

11. Катардагыдан полковникке чейинки атайын наамдар укук коргоо органынын жетекчисинин буйругу менен же ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан ыйгарылат.

12. Жогорку атайын наамдар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.

13. Кызматкерге кезектеги атайын наам ырааттуу тартипте, кезектеги атайын наамы ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келгенде жана мурунку атайын наамда иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.

Кызмат орду боюнча белгиленип чектелген атайын наамга ылайык келген атайын наамы бар кызматкерлер жогорку наам каралган кызмат ордуна жылыштырганда кезектеги атайын наамды ыйгарууга ошол кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 3 айдан эрте эмес көрсөтүлөт.

14. Окуу жайларда окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткан кызматкерге (угуучулар, адьюнкттар, аспиранттар, докторанттар) кезектеги атайын наам окууга өткөнгө чейин ал ээлеген штаттык кызмат ордуна ылайык ыйгарылат.

15. Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо органынан, Куралдуу Күчтөрүнөн же башка аскердик түзүлүштөрүнөн которулуу тартибинде укук коргоо органына кызматка кирген кызматкерге анын учурдагы аскердик же атайын наамына тете атайын наам ыйгарылат.

16. Көрсөтүлгөн адамдын учурдагы наамда иштеген жылдарынын мөөнөтүнө мурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органында, Куралдуу Күчтөрүндө же башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн мезгилинде ушул наамда иштеген жылдарынын мөөнөтү кошуп эсептелет.

17. Кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгарууга сунуш берүүнү негизсиз кечиктирген кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

18. Кызмат өтөөсү токтогондо, учурдагы атайын наамга "запастагы" же "отставкадагы" деген сөздөр кошулат.

19. Кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу төмөнкүдөй учурларда сунушталбайт:

1) укук коргоо органынын, анын аймактык органынын же бөлүгүнүн кадрларынын карамагында турса - кызмат ордуна дайындалганга чейин;

2) кылмыш иши боюнча шектүү, айыпталуучу катарында тартылса, жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш боюнча ага карата сотко чейинки өндүрүш башталса - жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш токтотулганга же сот тарабынан актоо өкүмү чыкканга чейин;

3) кызматкерге тартиптик жаза чара берилсе - тартиптик жаза чарасы алынганга чейин;

4) кызматтык иликтөө жүргүзүлсө - ал бүткөнгө чейин.

20. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча актоо корутундусу, кылмыш иши боюнча актоо өкүмү чыгарылса же жазыктык куугунтуктоо реабилитациялоого укук берүүчү негиздер боюнча токтотулса, кезектеги атайын наамдар ушул Мыйзамга ылайык белгиленген мөөнөттөрдө ыйгарылат.

21. Атайын наамдарды ыйгаруунун башка, ушул Мыйзамда каралбаган тартибин жана шарттарын белгилөөгө тыюу салынат.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-19)
