# 17-берене. Атайын наамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 17-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-17

---

1. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундар боюнча белгиленген атайын наамдар ушул Мыйзамга ылайык ыйгарылат.

2. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.

3. Катардагы курамдын кызмат ордун ээлөөдө кызматкерге катардагы курамдын атайын наамы ыйгарылат.

4. Жогорку жетектөөчү курамдын кызмат орундарынын жана аларга туура келүүчү атайын наамдардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.

5. Укук коргоо органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарынын жана бул кызмат орундарына туура келүүчү чектелген атайын наамдардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-18)
