# 16-берене. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 16-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-16

---

1. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундары укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын тикелей аткаруу, уюштуруу жана аткарууну камсыз кылуу максатында уюштурулат.

2. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундарынын тизмеги (реестри) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

3. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундары белгиленип чектелген атайын наамдарга ылайык катардагы, кенже, ортоңку, улук жана жогорку жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына бөлүнөт.

Укук коргоо органдарында ээленүүчү кызмат орундары жана бул кызмат орундарына ылайык келген атайын наамдар төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:

1) катардагы курам - катардагы (курсанттар);

2) кенже жетектөөчү курам - кенже сержанттан тартып улук прапорщикке чейин кошо алганда;

3) ортоңку жетектөөчү курам - кенже лейтенанттан тартып капитанга чейин кошо алганда;

4) улук жетектөөчү курам - майордон тартып полковникке чейин кошо алганда;

5) жогорку жетектөөчү курам - генерал-майордон тартып генерал-полковникке чейин кошо алганда.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-17)
