# 15-берене. Кызматкерлердин формалык кийими, айырмачылык белгилери, күбөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 15-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-15

---

1. Кызматкер кызмат өтөп жаткан укук коргоо органынын түрүнө жараша бири-бирине окшобогон формалык кийимдер жана айырмачылык белгилер аныкталат. Жарандык мекемелер үчүн ушундай формалык кийимге тыюу салынат.

2. Атайын наам ыйгарылган кызматкер формалык кийим менен акысыз камсыздалат.

3. Формалык кийимдин сыпатталышы, айырмачылык белгилери, кийип жүрүү тартиби жана аны менен камсыз кылуу нормасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Караңыз: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

4. Укук коргоо органынын кызматкерине кызматтык ырастама берилет жана орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамдагы кызматкерге өздүк номери бар атайын жетон кошумча берилет.

5. Кызматкердин кызматтык ырастамасы анын өздүгүн, укук коргоо органына таандыктыгын, кызмат ордун жана атайын наамын, анын куралды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого укугун тастыктоочу документ болуп саналат.

6. Кызматкердин кызматтык ырастамасынын, атайын жетонунун үлгүлөрү жана аларды берүү тартиби укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

7. Терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, укук коргоо органындагы кызматтан пенсия алуу укугу менен бошотулган адамга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген майрам күндөрүндө жана укук коргоо органдарынын кесиптик майрамдарында гана формалык кийимди кийүүгө уруксат берилет.

8. Укук коргоо органынын баркын түшүрүүчү жосундары үчүн кызматтан бошотулган адам формалык кийимди кийүү укугунан ажыратылат.

9. Кызматкер формалык кийимдин, кызматтык күбөлүктүн, өздүк номери бар атайын жетондун сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Аларды жоготуу кызматтык тартипти бузуу болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-16)
