# 14-берене. Контрактты түзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 14-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-14

---

1. Контракт талапкерди укук коргоо органына кызматка кабыл алуу тууралуу же кызматкерди кызматта калыбына келтирүү жөнүндө буйрук чыгарылган күнү милдеттүү түрдө түзүлөт.

Кызматкерди башка укук коргоо органына которуу жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып анын колдонуудагы контракты токтотулат жана милдеттүү түрдө жаңы кызмат орду боюнча контракт түзүлөт.

2. Укук коргоо органынын жетекчисин жана анын орун басарларын кошпогондо, контракт бардык кызматкерлер менен түзүлөт.

3. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Контракттын колдонулушу кызматкер кызматты токтоткон, контрактты бузган күндөн тартып, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка учурларда токтотулат.

8. Контрактта анын түзүлгөн датасы жана орду, укук коргоо органынын аталышы, тараптардын, фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы жана контракттын тараптарына тийиштүү башка зарыл маалыматтар көрсөтүлөт. Контрактта тараптардын укуктары жана милдеттери да ушул Мыйзамга ылайык көрсөтүлөт.

9. Контрактта кызматтык милдеттерди жана өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги каралат.

10. Контракт жазуу жүзүндө эки нускада түзүлөт, алардын ар бирине контракттын тараптары кол коет. Контракттын бир нускасы кызматкерге берилет, экинчиси анын өздүк ишинде сакталат.

11. Контракттын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому

12. Контрактты түзүү тартиби укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-15)
