# 13-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 13-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-13

---

1. Укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуу укук коргоо органынын жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу жетекчинин тиешелүү буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Укук коргоо органдарына кызматка кирген адамдар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген, укук коргоо органдарындагы кызматка байланышкан чектөөлөрдү жана тыюу салууларды өзүнө кабыл алат.

3. Катардагы жана жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына дайындалган же укук коргоо органдарындагы кадрлардын эсебине киргизилген аскерге милдеттүү адамдар белгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана укук коргоо органдарынын атайын каттоосуна алынат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-14)
