# 11-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кирүүгө конкурс

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=1233491..1233492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 11-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу айрым кызмат орундарын кошпогондо, укук коргоо органына кызматка кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому

2. Өткөрүлүүчү конкурстун ачыктыгы иштин багыттары боюнча кадрдык муктаждык, конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо менен камсыз кылынат.

3. Конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле кадрлар резервин түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Укук коргоо органдарында иш стажы бар адамдарды укук коргоо органына кайрадан кызматка кабыл алуу атайын кесиптик даярдыктан өткөрбөстөн жүзөгө ашырылат.

5. Ушул берененин талаптары кызматкерди соттун чечиминин негизинде калыбына келтирүүгө, ошондой эле кызматкерди бир укук коргоо органынан башка укук коргоо органына которууга байланышкан мамилелерге карата жайылтылбайт.

(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-12)
