11-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кирүүгө конкурс
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу айрым кызмат орундарын кошпогондо, укук коргоо органына кызматка кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому
2. Өткөрүлүүчү конкурстун ачыктыгы иштин багыттары боюнча кадрдык муктаждык, конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо менен камсыз кылынат.
3. Конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле кадрлар резервин түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Укук коргоо органдарында иш стажы бар адамдарды укук коргоо органына кайрадан кызматка кабыл алуу атайын кесиптик даярдыктан өткөрбөстөн жүзөгө ашырылат.
5. Ушул берененин талаптары кызматкерди соттун чечиминин негизинде калыбына келтирүүгө, ошондой эле кызматкерди бир укук коргоо органынан башка укук коргоо органына которууга байланышкан мамилелерге карата жайылтылбайт.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органдарына кызматка кирүүгө конкурс
1. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу айрым кызмат орундарын кошпогондо, укук коргоо органына алынып салынды: биринчи жолу кызматка кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.
кошулду: Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому
2. Өткөрүлүүчү конкурстун ачыктыгы иштин багыттары боюнча кадрдык … ошондой эле кадрлар резервин түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Укук коргоо органдарында иш стажы бар … органына которууга байланышкан мамилелерге карата жайылтылбайт.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (6)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 51
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук…Постановление · 09.08.2023 · № 399
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо…Постановление · 18.07.2025 · № 426
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун…Постановление · 15.02.2021 · № 41
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-марты № 207 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо…Постановление · 31.03.2026 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук…Постановление · 27.02.2026 · № 139
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>