# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 16.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112517); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956#diff=24683..27497>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2758/edition/1233490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111956/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 1-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-1

---

1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:

1) аттестация - кызматкердин кесиптик билимин, көндүмдөрүн, ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келүүсүн, ошондой эле кызматтык өсүү келечегин мезгилдүү текшерүү;

2) ок-дарылар - бутаны кыйратуу, аны кыйратууга түрткү берүүчү милдеттерди аткаруу үчүн арналган, жарылма, пиротехникалык же ыргытма дүрмөттөр же алардын айкалышуусун камтыган курал-жарак түзүлүштөрү жана предметтери;

3) согуштук техника - согуш учурунда душманга залал келтирүү үчүн пайдаланылуучу жана аскердик техниканын бөлүгү болуп саналуучу, өзүндө куралды жана анын жабдыктарын камтуучу бардык техникалык каражаттардын жыйындысы;

4) курал-жарак - каршылаштын киши күчүн, курал-жарагын, согуштук техникасын, курулмаларын жана башка объектилерин кыйратуу үчүн арналган каражаттар, бул каражаттардын курамдык бөлүктөрү жана комплекттөөчү буюмдары, ошондой эле аларды колдонууну камсыз кылуучу башкаруу системаларынын комплекси;

5) эс алуу убагы - укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруудан эркин болгон убакыт;

6) тартиптик жоопкерчилик - кызматтык тартипти бузган жана тартиптик жорук жасаган кызматкерлерге укуктук таасир кылуунун формаларынын бири;

7) тартиптик жорук - кызматкердин кызматтык тартипти бузуусу, ага тете кызматкердин укук коргоо органында кызматта болуусу менен байланышкан жана ал үчүн тартиптик жоопкерчилик каралган, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюуларды сактабоосу;

8) талапкер - укук коргоо органына кызматка кирүүгө талаптанган адам;

9) контракт - укук коргоо органы менен кызматкердин ортосунда түзүлүүчү, тараптардын укуктары жана милдеттери белгиленүүчү жазуу жүзүндөгү макулдашуу;

10) ченемделбеген жумуш убактысы - жумуштун өзгөчө режими, ага ылайык кызматкер укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин жазуу жүзүндөгү чечими боюнча ченемдик жумуш убактысынан тышкары өз кызматтык милдеттерин аткарууга тартылат, мында жетекчи кошумча өргүү күндөрүн берүү үчүн ченемделбеген жумуш убактысын эсепке алуу жазуусун жүргүзөт;

11) жумуш убактысынын ченемдик узактыгы - кызматкер ички тартиптин эрежелерине ылайык өз кызматтык милдеттерин аткаруучу убакыт;

12) кызматкерди которуу - кызматкерди укук коргоо органындагы ээлеп турган кызмат ордунан бошотуу, бир эле убакта укук коргоо органдарында кызмат өтөөсүн токтотпостон башка укук коргоо органына кызмат ордуна дайындоо;

13) жылыштыруу - бир эле укук коргоо органынын чегинде кызматкердин кызматтык абалын жана функциялык милдеттерин өзгөртүү;

14) ар дайымкы каражаттар - курал жана атайын каражат болуп саналбаган, жеткиликтүү жерде турган, кызматкерлер тарабынан колдонулуучу кайсы болбосун буюмдар, механизмдер жана заттар;

15) укук коргоо органдары - ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу салык кызматынын органдары, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле айрым укук коргоо функцияларын ишке ашыруучу улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

16) убактылуу карамакта болууга жиберүү - кызматкерди укук коргоо органынын кадрларында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында жана эл аралык уюмдарда же мамлекеттер аралык органдарда кызмат орундарын ээлөө үчүн жиберүү, ошондой эле кызматкерди укук коргоо органынын ичиндеги башка бөлүмгө атайын мүнөздөгү ишти аткаруу үчүн убактылуу жиберүү;

17) укук коргоо органынын беделин кетирүүчү жорук - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган, укук коргоо органынын беделин кетирүүчү деп таанылган жосун;

18) кадрлар резерви - укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болгон, кызмат ордуна коюлган талаптарга жооп берген жана конкурстук тандоодон өткөн талапкерлердин тобу;

19) көтөрүүгө кадрлар резерви - башкаруучулук ишке жөндөмдүү болгон, кызмат орундарынын тигил же бул категориясына коюлуучу талаптарга жооп берген жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлөөгө сунушталган тандалган кызматкерлер тобу;

20) ротация - кызматкерди пландуу жылыштыруу, ал кызмат кызыкчылыгында, укук коргоо органынын кадрдык дараметин оптималдуу пайдалануу максатында жүзөгө ашырылат;

21) кызматтык тартип - укук коргоо органынын кызматкеринин ушул Мыйзамга жана Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык кызматтык милдеттерин так жана кынтыксыз сактоосу;

22) кызматтык милдеттер - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана укук коргоо органынын ведомстволук актыларында белгиленген, укук коргоо органдарынын кызматкеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон кызматтык функциялар;

23) кызматтык наряд - укук коргоо органынын белгилүү бир ыкчам-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн дайындалган кызматкерлерин бириктирүүчү уюштуруучулук структура;

24) кызматкер - укук коргоо органдарына кызматка алынган жана ушул Мыйзамда белгиленген укуктарды жана милдеттерди, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды өзүнө кабыл алган, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жараны;

25) атайын текшерүү - укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү, талапкерге (кызматкерге), анын ата-энесине, асырап алгандарга, жубайына, балдарына, анын ичинде асырап алынгандарга, эркек жана кыз бир туугандарына карата материалдарды жана маалыматтарды чогултуу жана текшерүү боюнча иш-чаралардын комплекси;

26) атайын каражаттар - негизги арналышы адамга же кандайдыр бир материалдык объектке тикелей мажбурлоочу физикалык (психологиялык) таасир көрсөтүү, кызматкерлерди ар кандай предметтердин тийүүсүнөн, анын ичинде куралдан коргоо, ошондой эле кылмыштарды, укук бузууларды жасап жаткан же жасаган адамдарды айкындоо болуп саналган техникалык буюмдар (түзүлүштөр, предметтер, заттар), кызматтык жаныбарлар, атайын транспорт жана техника;

27) табелдик курал - табелге жана тийиштүүлүк ченемдерине ылайык укук коргоо органынын кызматкерине бекитилүүчү курал, ага ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткаруу жана өзүн коргоо максатында бул куралды сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет;

28) ыйгарым укуктуу жетекчи - укук коргоо органынын жетекчисинин орун басары, укук коргоо органынын структуралык, аймактык органынын, укук коргоо органынын аймактык органынын структуралык бөлүгүнүн жетекчиси (башчысы) же укук коргоо органынын жетекчиси белгиленген тартипте белгилүү бир функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды берген бөлүктүн башка жетекчиси (башчысы);

29) кара күч - конкреттүү кызматкердин булчуң күчүн жана жеке физикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга негизделген, анын таасир кылуу объекти (адам, жаныбарлар, предметтер, заттар, механизмдер, түзүлүштөр) менен тикелей физикалык (дене-бойлук) байланышка кирүүсүндө турган жана адамдардын, жаныбарлардын денесин оорутуу, саламаттыгына зыян келтирүү, өлүмүнө алып келүү, предметтерди, түзүлүштөрдү, механизмдерди бузуу же талкалоо, предметтерди, заттарды, түзүлүштөрдү жана механизмдерди убактылуу алып коюу менен коштолушу мүмкүн болгон мажбурлап таасир кылуу;

30) кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү - кызматкер менен катталган никеде турган, бирге жашаган же жалпы чарба жүргүзгөн жубайы, курман болгон (өлгөн) кызматкер менен ал курман болгон (өлгөн) күндө катталган никеде турган жубайы, балдары, анын ичинде асырап алган балдары, ата-энеси жана кызматкердин (укук коргоо органдарынын кызматынан бошотулган) толук багуусунда турган (болгон) же андан өздөрү үчүн жашоо каражатынын туруктуу жана негизги булагы болуп саналган жардам алып туруучу (алып келген) адамдар, ошондой эле үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте багуусунда тургандар деп таанылган башка адамдар;

31) запаска бошотуу - укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кызматтан бошотуу жана аларды укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектүү жаш курагына жеткенге чейин аскер комиссариаттарында аскердик эсепте кармоо;

32) отставкага бошотуу - укук коргоо органдарынын кызматкерин укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектүү жаш курагына жеткенден кийин запаска чыгарбастан кызматтан бошотуу.

2. Куралдын түшүнүгү жана түрлөрү "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 16-февралында № 31 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдардын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111956/st-2)
