# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111952)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 30-июлундагы № 106 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 175 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111952/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2754/edition/1277247/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111952/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111952/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 759-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-беренеде:

а) 2-бөлүгүндө "Ардак белгиси" деген сөздөр "Ардак белги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүндө "Ардак белгиси" деген сөздөр "Ардак белги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 18-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Аскердик, кызматтык же жарандык милдетин аткарууда баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо көзү өткөндөн кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн. Мамлекеттин жана коомдун алдында өзгөчө эмгеги бар мурдагы мамлекеттик ишмерлерге (Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчыларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагаларына, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагаларына) ыйгарыла турган "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын кошпогондо, көзү өткөндөн кийин башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жүргүзүлбөйт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111952/st-2)
