# 8-берене. Мамлекеттик экономикалык колдоо

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 8-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-8

---

1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.

2. Мамлекеттик экономикалык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга төмөнкүдөй түрлөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:

1) МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык берилүүчү инфратүзүмдүк объектке укуктарга кошумча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кыймылдуу же кыймылсыз мүлккө укуктарды берүү;

2) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объекттерине сервитут берүү;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдаланганы үчүн ижара акынын жеңилдетилген ставкаларын белгилөө;

4) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик же муниципалдык өзгөчө жеңилдиктерди берүү;

5) уруксаттарды жана лицензияларды алууга көмөк көрсөтүү;

6) мамлекеттик өнөк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген колдоолордун башка түрлөрү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-9)
