# 7-берене. Мамлекеттик каржылык колдоо

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 7-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-7

---

1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.

2. Мамлекеттик каржылык колдоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын гранттарынын, адистештирилген фонддордун каражаттарынын жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Мамлекеттик каржылык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга төмөнкүдөй түрлөрдө берилиши мүмкүн:

1) мамлекеттик өнөктүн милдеттенмелеринин аткарылышынын кепилдиктерин берүү;

2) субсидияларды берүү;

3) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттардын бөлүгүн каржылоо;

4) МЖӨ долбоорунун каржылык кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында анын минималдык кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү;

5) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылуучу каражаттар боюнча валюталардын алмашуу курстарынын жана/же пайыздык ставкаларынын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө карата колдоо көрсөтүү;

6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-8)
