# 6-берене. Мамлекеттик өнөктүн компетенциясы

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 6-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-6

---

1. Мамлекеттик өнөктүн компетенциясына МЖӨ долбоорун даярдоо, тендер өткөрүү, мониторинг жүргүзүү жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууну баалоо, ошондой эле ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу кирет.

2. МЖӨ долбоору жана тендер өткөрүү эки же андан ашык мамлекеттик өнөк тарабынан даярдалган учурда, алардын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби ушул мамлекеттик өнөктөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде мамлекеттик өнөктөрдүн компетенциясы МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык аныкталат.

3. МЖӨ долбоорун даярдоо, тендерди өткөрүү, мониторинг жүргүзүү жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууну баалоо үчүн мамлекеттик өнөк көз карандысыз консультанттарды тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-7)
