# 27-берене. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942#diff=1077385..1077386>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 27-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-27

---

1. Тендерди өткөрүү процессинде тендердин катышуучулары менен тендердик комиссиянын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар, ошондой эле МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушун четке кагуу маселелери административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте чечилет.

2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын ортосунда МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүүгө, аткарууга жана токтотууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар МЖӨ жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Тараптар талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга мүмкүн болбогон учурда, эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башка жол-жобо каралбаса, талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралууга жатат.

(КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-28)
