# 23-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуунун кесепеттери

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 23-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-23

---

1. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда, жеке өнөк жана/же долбоордук компания төмөнкү аракеттерди аткарууга милдеттүү:

1) инфратүзүмдүк объектти жана мамлекеттик өнөктөн алынган башка активдерди мамлекеттик өнөккө өткөрүп берүүгө, алар МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык үчүнчү жактар тарабынан кандайдыр бир чектөөлөрдөн эркин болууга тийиш;

2) мамлекеттик өнөктүн инфратүзүмдүк объектти иштетүү жана материалдык-техникалык тейлөө маселелери боюнча жана/же инфратүзүмдүк кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча персоналды даярдоого;

3) эгерде талап кылынса, инфратүзүмдүк объектти жана башка активдерди мамлекеттик өнөккө өткөрүп бергенден кийин, 3 айдан кеч эмес мөөнөттүн ичинде запастык бөлүктөрдү жеткирип берүүнү кошуп алганда, инфратүзүмдүк жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү, ресурстарды берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга.

2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын биринин күнөөсү боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуунун мөөнөтүнөн мурда токтотулушу бул тарап үчүн экинчи тараптын МЖӨ жөнүндө макулдашуунун мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланыштуу тарткан зыяндарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерге алып келет.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-24)
