# 171-берене. Түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке өнөктү аныктоо

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942#diff=1077385..1077386>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 171-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-171

---

1. Түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке өнөктү аныктоо төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) жарандардын коопсуздугун жана конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу үчүн өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдерин белгиленген тартипте киргизүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына кризистик кырдаалдарды чечүү менен байланышкан өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүүнүн жүрүшүндө келип чыккан чечимдер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу кризистен кийинки мезгилде;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген ири МЖӨ долбоорлорун жана кызыкдар жактар тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашууну кошкондо ири долбоорлорду ишке ашырууда;

3) анын менчик укуктарына таандык объектке карата МЖӨ долбоору демилгеленген кызыкдар адамга;

4) кызыкдар адамга таандык интеллектуалдык иштин натыйжаларына өзгөчө укуктарды ишке ашыруу менен ажырагыс байланышкан МЖӨ долбоору;

5) чакан МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда.

2. Түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке өнөктү аныктоо төмөнкү стадиялар аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту же жеке демилге жөнүндө сунушту даярдоо;

2) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту бекитүү же жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу тууралуу чечим чыгаруу;

3) мамлекеттик өнөк тарабынан МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш бекитилген же жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу тууралуу чечим чыгарылган күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде МЖӨ долбоорун даярдоо тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсү;

4) МЖӨ чөйрөсүндө ыйгарымдуу укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү критерийлерге ылайык, потенциалдуу жеке өнөктөр менен МЖӨ долбоорунун макулдашуусунун шарттары тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

5) эгерде долбоордо мамлекеттик бюджеттен каржылоо алуу каралган учурда, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен бюджеттик тобокелдиктердин келип чыгуу предмети макулдашууга жатат;

6) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну түзүү.

(КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-17)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-18)
