# 16-берене. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана ишке ашырылышын баалоо

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 16-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-16

---

1. МЖӨ долбоору МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык ишке ашырылат.

2. Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырат.

3. Жеке өнөк жана/же долбоордук компания жыл сайын, учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирбестен, мамлекеттик өнөккө МЖӨ долбоорунун ишке ашырылышы жөнүндө отчет жана өткөн жыл үчүн каржылык отчет тапшырууга милдеттүү. Ар жылдык каржылык отчет көз карандысыз аудитор тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш.

4. Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө отчёттун жана өткөн жыл үчүн каржылык отчёттун көчүрмөлөрүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана каржылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү, МЖӨ долбоору мамлекеттик бюджеттен каржылоо алган учурда, жеке өнөктөн жана/же долбоордук компаниядан тиешелүү отчётторду алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик өнөк ишке ашырылуучу МЖӨ долбоорлорун талдоо жана баалоо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик өнөк тарабынан мурунку жылдагы ишке ашырылуучу МЖӨ бардык долбоорлору жөнүндө жыйынды отчет тапшырууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-17)
