# 14-берене. Тендердин жеңүүчүсүн тандоо

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942#diff=1077385..1077386>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 14-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-14

---

1. Тендердин жеңүүчүсүн тандоо этабында мамлекеттик өнөк квалификациялык тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу долбоорун берет.

11. Квалификациялык тандоодон өткөн тендердин катышуучулары сунуштардын суроо-талаптарына жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуу долбооруна сунуштардын суроо талаптары жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору тендердин катышуучуларына жиберилген датадан тартып 10 календарлык күндүн ичинде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Мамлекеттик өнөк 5 календардык күндүн ичинде тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талаптарына жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуу долбооруна өзгөртүүлөрдү кабыл алууга же четке кагууга укуктуу. Тендерге кагышуу үчүн өзгөртүлгөн сунуштардын суроо-талабы жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилүүгө жатат. Эгерде МЖӨ долбоору мамлекеттик бюджеттен каржылоо алууну караган учурда, гендерге катышуу үчүн өзгөртүлгөн сунуштардын суроо-талабы жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилгенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен бюджеттик тобокелдиктердин келип чыгуу предметинде алдын ала макулдашууга жатат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу жок болгон учурда, сунуштардын суроо-талабы жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилиши мүмкүн эмес. Тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына же/жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөр киргизилген учурда, тендердик сунуштарды чогултуу тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына же/жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөр бекитилген датадан тартып 15 календарлык күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылат. Тендерге катышуу үчүн сунуштардын өзгөртүлгөн суроо-талабы же/жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору квалификациялык тандоодон өткөн тендердин бардык катышуучулары тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына же/жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөрдү бекиткен датадан тартып кийинки календарлык күндөн кечиктирилбестен маалымдалууга тийиш.

2. Техникалык жана каржылык сунуштарды камтыган тендердик сунуштарды чогултуу тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, бирок квалификациялык тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун жөнөткөн күндөн тартып 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө тендердик комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Ири МЖӨ долбоору учурунда, техникалык жана каржылык сунуштарды камтыган тендердик сунуштарды чогултуу тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде квалификациялык тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору жиберилген күндөн тартып 60 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн көп эмес мөөнөттүн ичинде тендердик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

3. Тендердин жеңүүчүсүн тандоо үчүн бир эле тендердик сунушту берүү жетиштүү.

4. Тендердин катышуучусу анын шарттары тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында аныкталуучу тендердик сунушка кепилдикти камсыз кылууга тийиш.

5. Тендердик комиссия тарабынан алардын техникалык жана каржылык сунуштары тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына ылайык келет жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун эң мыкты шарттарын камтыйт деп таанылган тендердин катышуучусу тендердин жеңүүчүсү деп жарыяланат. Тендердик комиссия тарабынан тендердин бардык катышуучуларынын техникалык жана/же каржылык сунуштары тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талаптарына ылайык келбейт деп таанылган учурда, тендердик комиссия тендер өткөрүлгөн жок деп тааныйт жана тендерди кайра жарыялоого укуктуу.

6. Тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты МЖӨ расмий веб-сайтына жарыялайт.

7. Тендердин катышуучуларынын тендерге катышууга байланыштуу сарптаган чыгымдарынын орду тендердин жыйынтыгына карабастан толтурулууга жатпайт.

8. Тендердик комиссия тарабынан тендердин жеңүүчүсү берген маалымат чындыкка дал келбегендиги аныкталган учурда, мындай дал келбестик документ түрүндө ырасталган шартта тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн дисквалификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

9. Тендердин жеңүүчүсү дисквалификацияланган учурда, тендердик комиссия тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүдөн кийинки орунду ээлеген тендердин катышуучусун ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тартипте тендердин жеңүүчүсү деп дайындоого укуктуу.

(КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-15)
