# 13-берене. Квалификациялык тандоо

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942#diff=1077385..1077386>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 13-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-13

---

1. Квалификациялык тандоо этабында мамлекеттик өнөк тендерге катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабын МЖӨ жылдыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жарыялайт. Ири МЖӨ долбооруна тендер өткөргөн учурда, квалификациялардын суроо-талабы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген документтерде аныкталгандай жалпыга маалымдоо каражаттарынын эл аралык ресурстарында жарыяланышы мүмкүн.

2. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү топтоо тендерге катышуу үчүн квалификациялардын талабында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, бирок тендерге катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы жарыялангандан тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 60 календардык күндөн көп эмес мөөнөттө, ал эми ири долбоорлор боюнча квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, бирок тендерге катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы жарыялангандан тартып 45 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн көп эмес мөөнөттө тендердик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

3. Квалификациялык тандоо жүргүзүү үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир эле өтүнмө берүү жетиштүү. Тендерге катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык келбеген квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөр тендердик комиссия тарабынан четке кагылууга тийиш.

(КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-14)
