# 12-берене. Тендерди өткөрүү

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942#diff=1077385..1077386>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 12-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-12

---

1. Жеке өнөктү тандоо ушул Мыйзамдын 171-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, тендерди өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Тендер ушул Мыйзамда, тендерди өткөрүү эрежелеринде, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү документтерде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларда каралган тартипте өткөрүлөт.

3. Тендер эки этапты камтыйт:

1) квалификациялык тандоо;

2) тендердин жеңүүчүсүн тандоо.

(КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-13)
