# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2021 года № 98 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942#diff=1077385..1077386>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2744/edition/1077385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111942/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 1-берене (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:

1) мамлекеттик колдоо - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун ыңгайлуу жана өз ара пайдалуу шарттарын түзүүгө багытталган мамлекеттик каржылык колдоо, мамлекеттик экономикалык колдоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуулар боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу;

2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) - мамлекеттик өнөк тарабынан инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого, ошондой эле болгон же кайра түзүлгөн инфратүзүмдүк объекттерди башкарууга, жана/же инфратүзүмдүк кызматтарды көрсөтүүгө жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн өз-ара аракеттенүүсү;

3) мамлекеттик кепилдиктер - МЖӨ долбоорлорунда жүзөгө ашырылуучу инвестицияларды коргоо максатында жеке өнөктөргө жана/же долбоордук компанияларга берилүүчү кепилдиктер;

4) каржылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган - МЖӨ долбоорлору менен байланышкан каржылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;

5) мамлекеттик өнөк - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин, добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан ашык пайыздары мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун бир же бир нече мамлекеттик органдары;

6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү документтер - МЖӨ долбоорлорун издөөгө, демилгелөөгө, даярдоого жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү колдонмолор, жоболор, эрежелер жана башка документтер;

7) кызыкдар жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн жеке ишкер, юридикалык жак, тендерге катышууга жана/же МЖӨ долбоорун демилгелөөгө кызыкдар консорциум;

8) тендерге катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы - мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү жана төмөнкүлөрдү камтыган документ:

а) МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын;

б) тендердин катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды;

в) МЖӨ долбооруна карата минималдык талаптарды;

г) жеке өнөктү баалоо жана тандоо критерийлерин;

д) квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү берүү үчүн мөөнөттү;

е) тендердин катышуучуларына жана/же МЖӨ долбооруна карата талаптарды белгилөөчү башка маалыматты;

9) тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы - мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү, тендердин катышуучуларынын техникалык жана каржылык сунуштарына талаптарды камтыган документ;

10) инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы иштер жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфратүзүмдүк объектти пайдалануу менен сунушталуучу жана/же инфратүзүмдүк объектти тейлөө боюнча иштер жана/же кызмат көрсөтүүлөр;

11) инфратүзүмдүк объект - мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлк комплекси;

12) консорциум - тендерге биргелешип катышуу үчүн түзүлгөн, юридикалык жактын статусуна ээ болбогон жана келишимдин же башка документтин негизинде аракеттенген эки же андан ашык жеке ишкердин жана/же юридикалык жактын убактылуу биримдиги;

13) МЖӨ ири долбоору - болжолдуу инвестициялары 1 миллиард сомго барабар же андан көп сумманы түзгөн МЖӨ долбоору;

131) МЖӨ чакан долбоору - болжолдуу инвестициялары 70 миллион сомго барабар же андан кем сумманы түзгөн МЖӨ долбоору;

14) МЖӨ долбооруна минималдык талаптар - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык жана башка мүнөздөгү минималдык милдеттүү талаптар;

15) МЖӨ расмий веб-сайты - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу веб-сайт;

16) МЖӨ долбоорун демилгелөө тууралуу сунуш - төмөнкүлөрдү камтуучу документ:

а) МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын;

б) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу максаттарын жана милдеттерин;

в) тиешелүү инфратүзүмдүк объектке жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата МЖӨ колдонуунун максаттуулугунун негиздемесин;

г) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн болжолдолгон инвестициянын өлчөмүн;

д) МЖӨ долбооруна карата минималдык талаптарды;

е) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүн;

ж) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын МЖӨ долбоорун ишке ашыруудан киреше алуу мүмкүнчүлүгүн баалоону жана инвестициялардын болжолдуу көлөмүн кошуп алганда, каржы-экономикалык жана юридикалык талдоо жүргүзүүнү;

з) мамлекеттик каржылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрүн жана шарттарын;

и) МЖӨ долбоорун демилгелөө зарылдыгын жана демилгеленген МЖӨ долбоорунун мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келишин негиздөөчү документтерди;

17) жеке демилге жөнүндө сунуш - төмөнкүлөрдү камтыган документ:

а) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушка киргизилүүгө тийиш болгон маалымат;

б) жеке демилге жөнүндө сунуш менен кайрылган кызыкдар жакта инфратүзүмдүк объекттер же инфратүзүмдүк кызматтар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы болгондугун ырастоочу документ;

в) болжолдонуучу инвестициялардын өлчөмү жана болжолдонуучу инвестициялардын өлчөмүнөн 5 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү салууну кепилдеген каржылык каражаттардын болгондугун ырастоочу документ;

г) (КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

д) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары;

е) (КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

18) МЖӨ долбоору - мамлекеттик өнөк тарабынан бар болгон же кайрадан түзүлүүчү инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого, башкарууга жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө жеке өнөктү тартуу боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынган өз ара мамилелердин комплекси;

19) долбоордук компания - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн МЖӨ долбоорун ишке ашыруу негизги иши болуп саналган юридикалык жак;

20) МЖӨ жөнүндө макулдашуу - мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосундагы тараптардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун башка шарттарын аныктоочу жазуу жүзүндөгү келишим;

21) каржылоо жөнүндө макулдашуу - МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде, ошондой эле МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүүдө жана токтотууда алардын өз ара аракеттенүү шарттарын жана тартибин жөнгө салуу максатында мамлекеттик өнөктүн, жеке өнөктүн жана/же долбоордук компаниянын жана каржылык мекеменин ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишим;

22) тендердик сунуш - тендердин катышуучуларынын техникалык жана каржылык сунуштарын камтыган документтердин пакети;

23) тендердик документтер - тендерге катышуу үчүн квалификацияларга суроо-талап, тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талап жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу долбоору;

24) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасындагы МЖӨ чөйрөсүндөгү саясат жана жөнгө салуу маселелеринде ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;

25) тендердин катышуучусу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер, юридикалык жак, тендерге катышкан консорциум;

26) каржы мекемеси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган банктык жана каржылык-насыялык уюмдар, ошондой эле МЖӨ долбоорлору үчүн каржылоого жана/же кепилдиктерди берүүгө катышуучу эл аралык каржы уюмдары;

27) жеке өнөк - тендердин натыйжалары боюнча мамлекеттик өнөк менен МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзгөн жак.

(КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111942/st-2)
