# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111936)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 89 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111936/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2738/edition/958169/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111936/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (18.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111936/st-1

---

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьяда:

а) 1 жана 2-пункттарында "адистешкен финансы-кредиттик мекемелер" жана "атайын кредиттик мекемелер" деген сөздөр "банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-пунктунда "финансы-кредиттик уюмдары" деген сөздөр "банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 43-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"43-статья. Турак жай-сактык кредиттик компаниялары

1. Турак жай-сактык кредиттик компания банктык эмес финансы-кредиттик уюм болуп саналат, анын иши аманатчылардын акчалай каражаттарын турак жай-сактык салымдарына топтоого жана анын аманатчыларына мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жеке курулуш, турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган.

2. Турак жай-сактык кредиттик компания акционердик коом формасында түзүлүүчү коммерциялык уюм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусун алат.

3. Турак жай-сактык кредиттик компания ишин жүзөгө ашырууну баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын алууга тийиш.

4. Турак жай-сактык кредиттик компания төмөнкүдөй банктык операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жана мындай операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта ишке ашырууга укуктуу:

1) турак жай сатык салымын, тактап айтканда контракттык турак жай сактык тутумунун аманатчысы (салуучусу) тарабынан турак жай-сактык кредиттик компаниянын контракттык турак жай сактык тутумунун аманатчысынын турак жай шарттарын жакшыртууга, ошондой эле жеке курулушка жана/же турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алууга багытталган эсепке салынган улуттук валютадагы акчалай каражаттарынын суммасын кабыл алуу;

2) турак жай шарттарын жакшыртууга, жеке курулушка, турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алууга мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында кредиттерди берүү;

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка операциялар жана бүтүмдөр.

5. Турак жай-сактык кредиттик компаниянын капиталынын негизин толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт, анын курамына турак жай-сактык кредиттик компания акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелери жок болгон жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык келген уставдык капитал гана кирет. Турак жай-сактык кредиттик компаниянын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, накталай эмес формада, акционерлердин (уюмдаштыруучулардын) акчалай каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт.

6. Турак жай-сактык кредиттик компаниянын иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";

3) 46-статьянын 1-пунктунда "атайын кредиттик мекемелер" деген сөздөр "банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 48-статьянын 1-пунктунда "ссуда-аманат турак жай-курулуш кассаларында" деген сөздөр "турак жай-сактык кредиттик компанияларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111936/st-2)
