# 9-берене. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 01.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 1 февраля 2023 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112485)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929#diff=1220352..9007>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 9-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-9

---

1. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү статистикалык программаларга ылайык расмий статистиканы иштеп чыгууну, жүргүзүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашырышат.

2. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнө расмий статистиканын негиз болуучу принциптерине карама-каршы келген милдеттер жүктөлбөйт.

3. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн тизмеги Улуттук статистика комитетинин төрагасы тарабынан иштелип чыгып, расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү менен макулдашуу боюнча сунуштамаларды берүү үчүн Статистика боюнча кеңешке жиберилет жана төмөнкү критерийлерди сактоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизилет:

1) расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү ушул Мыйзамдын жоболорун жана расмий статистиканын негиз болуучу принциптерин сактоого өз жөндөмдүүлүктөрүн жана даярдыктарын көрсөтүшөт;

2) статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн ортосунда пландалган натыйжалардын жана иш-чаралардын кайталанышына жол берилбейт;

3) статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн пландалган натыйжалары жана иш-чаралары респонденттерге кошумча оорчулукту жокко чыгарат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тизмеги "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Статистика боюнча кеңешке берилет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалыматтык формада гана жөнөтүлөт. (КР 2023-жылдын 1-февралындагы № 21, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-10)
