# 8-берене. Улуттук статистика комитетинин төрагасы

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 8-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-8

---

1. Улуттук статистика комитетин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 7 жылдык мөөнөткө дайындалуучу төрага жетектейт.

2. Төрага улуттук статистика тутумунун кесиптик көз карандысыздыгын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт жана расмий статистика жаатындагы стратегиялык иштеп чыгууну жана кызыкдар тараптар менен өз ара кызматташууну жетектейт. Төрага улуттук статистика системасын эл аралык деңгээлде көрсөтөт.

3. Төрага расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн башка расмий статистика жүргүзүүчүлөрдүн макулдугу боюнча бүткүл улуттук статистика тутумунда колдонуу максатында стандарттарды, классификаторлорду жана колдонууга алынуучу принциптерди чыгара алат, ошондой эле административдик маалыматтардын жеткирип берүүчүлөрү тарабынан стандарттардын, классификациялардын жана терминологиянын пайдаланылышына көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-9)
