# 7-берене. Улуттук статистика комитети

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 7-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-7

---

1. Улуттук статистика комитети "улуттук" статуска ээ расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган, улуттук статистика тутумунда расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу боюнча ишти координациялоону камсыз кылуучу расмий статистиканын жетектөөчү жүргүзүүчүсү болуп саналат.

2. Улуттук статистика комитети кесипкөй көз карандысыз орган болуп саналат, ага ушул Мыйзамдын 5-беренесинин жоболоруна жана принциптерине карама-каршы келген милдеттер жүктөлбөйт жана ал Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.

3. Улуттук статистика комитети аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө ээ. Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн мекемелерди, ишканаларды жана уюмдарды түзө алат.

4. Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын, башка ченемдик-укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобонун негизинде иш алып барат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-8)
