# 5-берене. Расмий статистиканын негиз болуучу принциптери

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929#diff=9007..56756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 5-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-5

---

Расмий статистиканын бардык жүргүзүүчүлөрү расмий статистиканын төмөнкү негиз болуучу принциптерине ылайык расмий статистиканы иштеп чыгууну, жүргүзүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашырат:

1) кесиптик көз карандысыздык, бул расмий статистиканын жүргүзүүчүлөрү статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу, анын ичинде пайдаланылган маалымат булактарын, концепцияларды, аныктамаларды, усулдарды жана классификацияларды тандоо, ошондой эле жайылтуунун бардык формаларынын мөөнөттөрүн жана мазмунун аныктоо боюнча өз чечимдерин көз карандысыз жана саясий же жана башка тышкы булактардын кандайдыр бир таасирисиз жана кийлигишүүсүз кабып алуусун билдирет. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр өз компетенциясынын чегинде статистикалык маселелерге жана расмий статистика туура эмес пайдаланылган учурларга өз пикирин ачык-айкын билдире алат;

2) калыстык жана объективдүүлүк, бул расмий статистика кесиптик стандарттарга ылайык, бейтарап, ишенимдүү жана калыстык менен иштелип чыгат, жүргүзүлөт жана жайылтылат жана саясий билдирүүлөргө же түшүнүктөргө көз каранды болбой тургандыгын билдирет. Бардык пайдалануучуларга расмий статистиканы алууга тең жана бир убакытта жеткиликтүүлүк берилет;

3) тактык жана ишенимдүүлүк, бул расмий статистика максималдуу анык, так жана чыныгы маалыматтарды чагылдырат, ошондой эле булактарды, аны жүргүзүүнүн жана жайылтуунун усулдарын жана жол-жоболорун тандоого колдонулуучу илимий критерийлерге таянат дегенди билдирет;

4) макулдашуучулук жана салыштыруучулук, бул расмий статистика убакыт боюнча динамикада жана региондор жана өлкөлөр боюнча тилкеде эл аралык деңгээлде макулдашылган жана салыштырылган мүнөзгө ээ экендигин билдирет;

5) ачыктык жана айкындуулук, бул расмий статистика ачык жана түшүнүктүү түрдө берилет дегенди билдирет. Колдонулган усулдар жана жол-жоболор пайдалануучуларга ачык формада жеткирилет, бул туура чечмелөөнү камсыз кылат;

6) статистикалык купуялуулук жана статистикалык максаттарда гана пайдалануу, бул расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан жыйналган же алынган жана жеке жана юридикалык жактарга таандык жекече маалыматтардын өтө купуялуулугун, ошондой эле мындай маалыматтарды статистикалык максаттарда гана пайдаланууну билдирет;

7) релеванттуулук, бул расмий статистиканын пайдалануучулардын учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүнө ылайык келүүсүнүн, ошондой эле жарандардын жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды алууга болгон укуктарынын сакталышынын баскычын билдирет;

8) маалыматтарды топтоо процессинин натыйжалуулугу жана респонденттерге административдик маалыматтарды артыкчылыктуу пайдаланууну жана мамлекеттик органдар тарабынан бирдей маалыматты топтоонун кайталанышын болтурбоону караган жүктөмдү минималдаштыруу.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-6)
