# 34-берене. Улуттук статистика комитетинин эл аралык мамилелери

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 34-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-34

---

1. Улуттук статистика комитети чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары жана алардын статистика маселелери менен алектенген эл аралык уюмдары менен эл аралык мамилелерди түзүүгө жана колдоого алууга, ошондой эле алар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүүгө укуктуу.

2. Улуттук статистика комитети жана башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр өзүнө тиешелүү компетенциясынын чегинде статистикалык стандарттарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча эл аралык иштерге активдүү катышышат.

3. Улуттук статистика комитети өз компетенциясынын алкагында эл аралык уюмдарга жана башка өлкөлөрдүн уюмдарына эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык расмий статистиканын маалыматтарын берүү маселеси боюнча мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүн координациялоо боюнча ишти жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-35)
