# 33-берене. Маалыматтарды топтоо боюнча кызматтарды көрсөтүү

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 33-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-33

---

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр расмий статистиканы жүргүзүү жана сапаты, ошондой эле анын бедели үчүн коркунуч болбогон учурда, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын суроо-талабы боюнча кошумча маалыматтарды топтоого макулдук бере алышат.

2. Маалыматтарды топтоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл аралык уюмдар тартышат.

3. Маалыматтарды топтоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан иштердин бардык түрлөрүнүн тизмеги ар жылдык статистикалык программанын аткарылышы жөнүндө отчетто берилет.

4. Маалыматтарды топтоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалары расмий статистика катары каралбайт.

5. Ушул беренеге ылайык, маалыматтарды топтоо боюнча кызматтарды көрсөтүү максатында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн суроолоруна жооп берүү респонденттер үчүн милдеттүү деп жарыяланбайт.

6. Маалыматтарды топтоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ушул Мыйзамдын 21-29-беренелеринин колдонулушу жайылтылат.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-34)
