# 32-берене. Статистикалык иштеп чыгуу кызматтарын көрсөтүү

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 32-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-32

---

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тапшырыкчылардын суроо-талабы боюнча өз карамагындагы маалыматтарды пайдалануу менен статистикалык иштеп чыгуу кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.

Статистикалык иштеп чыгуу кызмат көрсөтүүлөрү расмий статистиканы жүргүзүү жана сапаты, ошондой эле анын бедели үчүн коркунуч туудурбашы керек.

2. Статистикалык иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык тапшырыкчылар тартышат.

3. Коомчулукка үзгүлтүксүз негизде көрсөтүлгөн статистикалык иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымдалат. Акы алынбай көрсөтүлүүчү бардык статистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктары, алардын метамаалыматтары жалпыга жеткиликтүү мүнөзгө ээ.

4. Статистикалык иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалары расмий статистика катары каралбайт.

5. Статистикалык иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ушул Мыйзамдын 21-29-беренелеринин колдонулушу жайылтылат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-33)
