# 30-берене. Статистикалык маалыматтарды чыгаруу

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 30-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-30

---

1. Расмий статистика пайдалануучулардын бирдей жана бир убакытта жеткиликтүүлүгүнүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 5-беренесинде баяндалган принциптердин негизинде жайылтылат.

2. Ар бир расмий статистиканы жүргүзүүчү маалыматтарды чыгаруунун календарын алдын ала иштеп чыгат жана жарыялайт, анда расмий статистикалык маалыматтарды жарыялап чыгаруунун пландалган мөөнөттөрү көрсөтүлөт.

Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр пайдалануучуларга маалыматтарды чыгаруунун болжолдуу календарында каралган мөөнөттөн четтөөлөр тууралуу алдын ала маалымдоого жана аларды чыгаруунун жаңы датасын көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Расмий статистиканын маалыматтарын жарыялоолор метамаалыматтар жана түшүндүрмө баяндамалар менен коштолот, аларга жеткиликтүүлүк бардык пайдалануучуларга акысыз негизде берилет. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча чыгарылган басылмаларга жана башка материалдарга болгон бааны белгилешет.

4. Статистикалык маалыматтарды чыгаруу процессинде расмий статистика менен башка статистикалык маалыматтардын ортосуна так чек коюлат.

5. Расмий статистиканын жарыяланган материалдарында табылган каталар оңдоолорго жатат жана алар кыска мөөнөттүн ичинде пайдалануучуларга жеткирилет.

6. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-31)
