# 28-берене. Расмий статистиканын сапатын камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 28-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-28

---

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр расмий статистиканын релеванттуулугу, тактыгы, ишенимдүүлүгү, өз убагында берилиши, пунктуалдуулугу, айкындуулугу, ачыктыгы, салыштырмалуулугу жана шайкештиги боюнча сапатын туруктуу негизде баалайт жана жакшыртат.

2. Сапатка кепилдик берүү максатында расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу расмий статистиканын камтуусуна, концепцияларына, аныктамаларына, бирдиктерине жана классификацияларына таандык бирдиктүү стандарттардын жана макулдашылган усулдардын негизинде жүзөгө ашырылат. Бул расмий статистиканын негиз болуучу принциптерине жана макулдашылган эл аралык статистикалык стандарттарга жана сунуштамаларга ылайык жүргүзүлөт.

3. Расмий статистиканын сапатын жакшыртуу максатында расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр маалыматтарды редакциялоого жана текшерүүгө, ар түрдүү булактардагы маалыматтарды айкалыштырууга, жеке маалыматтарды байланыштырууну жана салыштырууну статистикалык максаттарда гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле кемчиликтерди жоюу үчүн баалоонун статистикалык усулдарын пайдаланууга укуктуу.

4. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өндүрүштүк процессте пайдаланылуучу булактарды жана усулдарды, ошондой эле статистикалык маалыматтардын жыйынтыктоочу топтомдорун стандарттык түрдө документтештирүүгө;

2) пайдалануучуларга статистикалык өндүрүштүн бардык булактары жана усулдары, ошондой эле метамаалыматтарды пайдалануу аркылуу расмий статистикалык маалыматтардын сапаты жөнүндө билдирүүгө.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-29)
