# 26-берене. Купуялуулукту сактоо боюнча милдеттенме

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 26-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-26

---

1. Расмий статистика жаатындагы тиешелүү иш-милдеттерди өзүнө кабыл алууда же келишимдик мамилелерге кирүүдө төмөнкүлөр купуялуулукту сактоо боюнча милдеттенмеге кол коюшат:

1) Улуттук статистика комитетинин бардык штаттык жана убактылуу кызматкерлери, ошондой эле расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү;

2) улуттук статистика тутумуна тиешелүү эмес, бирок каттоо жана изилдөө иштерине катышкандар;

3) статистикалык купуялуулук принциби менен корголгон маалыматтарга жеткиликтүүлүккө уруксаты бар кандай гана болбосун башка адамдар.

2. Ушул милдеттенме ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган адамдарга карата, алардын иш-милдеттери токтотулгандан кийин да күчүндө кала берет.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-27)
