Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
24-берене. Улуттук статистика тутумунун жеке маалыматтарына карата жеткиликтүүлүк
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр ушул берененин 2-бөлүгүндө жана ушул Мыйзамдын 25-беренесинде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, пайдалануучуларга жеке маалыматтарды бербөөгө тийиш.
2. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр эгерде маалыматтар жеке, юридикалык жактарды же үй чарбаларын түз да, кыйыр да идентификациялоого мүмкүндүк бербеген ыкма менен иштелип чыккан учурларда, жекече маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү топтомун жүргүзөт жана чыгара алат.
3. Улуттук статистика комитети идентификаторлорду кошуп алганда, башка статистиканы жүргүзүүчүлөрдөн жеке маалыматтарды алууга укуктуу. Маалыматтарды өткөрүп берүүнүн шарттары кол коюлган макулдашуу түрүндөгү документ менен жол-жоболоштурулат.
4. Башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр ар жылдык статистикалык программада аныкталган өз компетенциясынын алкагында Улуттук статистика комитетинен расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу үчүн гана төмөнкүдөй жеке маалыматтарды ала алышат:
1) жеке же юридикалык жактарды идентификациялоого мүмкүндүк берген идентификаторлору жок жеке маалыматтарды;
2) ар жылдык статистикалык программада көрсөтүлгөн статистикалык регистрлердеги идентификаторлору бар статистикалык бирдиктерди.
5. Улуттук статистика комитетинин төрагасы өзгөчөлүк иретинде башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө расмий статистика жүргүзүү жана жайылтуу үчүн алардын ар жылдык статистикалык программада көрсөтүлгөн компетенциясына туура келүүчү, идентификаторлору бар жеке маалыматтарды алууга мүмкүндүк бере алат.
6. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү ушул Мыйзамдын 22-23-беренелеринин талаптарын катуу сактоо менен, купуя маалыматтарды коргоо боюнча жөнгө салуучу, административдик, техникалык жана уюштуруучулук чараларды көрүү жөндөмдүүлүктөрүн жана даярдыктарын көрсөтүүгө милдеттүү.
7. Маалыматтарды өткөрүп берүүнүн шарттары кол коюлган макулдашуу түрүндө документ менен жол-жоболоштурулат. Маалыматтарды өткөрүп берүүнүн тизмеги расмий суроо-талапка ылайык жарыяланат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111929/st-24" title="24-берене - Расмий статистика жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>