# 23-берене. Маалыматтарды коопсуз иштеп чыгуу жана сактоо

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 февраля 2023 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112485)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929#diff=1220351..1220352>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 23-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-23

---

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүнүн ар бири төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга;

2) топтолгон купуя көрсөткүчтөрдү жана статистикалык маалыматтарды алар чыгарылганга чейин коргоону камсыз кылууга;

3) ыйгарым укугу жок тарптардын маалыматтарга карата жеткиликтүүлүгүнүн алдын алуу боюнча жөнгө салуучу, административдик, техникалык жана уюштуруучулук чараларды көрүүгө.

2. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистикалык максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон мезгил ичинде идентификаторлору бар жеке маалыматтарды иштеп чыгууну жана сактоону жүзөгө ашырат.

Маалыматтарды топтоонун кагаз жана электрондук формаларында пайдаланылуучу жана расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө берилген административдик маалыматтарды камтыган идентификаторлор аларды статистикалык максаттарда пайдалануу зарылчылыгы жок болгон учурдан тартып, административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр менен макулдашуу боюнча жок кылынат. (КР 2023-жылдын 1-февралындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-24)
