# 22-берене. Статистикалык максаттарда гана пайдалануу

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929#diff=9007..56756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 22-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-22

---

1. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу иштердин бардык түрлөрүн кошуп алганда, расмий статистиканы, статистикалык талдоону жана статистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн арналган маалыматтар статистикалык максаттарда гана пайдаланылууга тийиш.

2. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн карамагында болгон жеке маалыматтар, ошондой эле маалыматтарды жеке жеткирип берүүчүлөрдөн алынган маалыматтар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же эл аралык уюмдар тарабынан териштирүү, көзөмөлгө алуу, соттук тергөө максаттарына, административдик чечимдерди кабыл алууга же жеке, юридикалык жактарга же үй чарбаларына тиешелүү башка ушул сыяктуу максаттарга берилбейт жана пайдаланылбайт.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-23)
