# 21-берене. Статистикалык купуялуулук принциби колдонулуучу маалыматтар

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929#diff=9007..56756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 21-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-21

---

1. Статистикалык купуялуулук принциби жайылтылган жеке маалыматтар жеке, юридикалык жактарды же үй чарбаларын түз же кыйыр идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды билдирет.

2. Статистикалык купуялуулук принциби төмөнкү маалыматтарга жайылтылат:

1) бир-үч бирдиктен турган топтолгон көрсөткүчтөргө, эгерде бирдиктердин бирөөнү кыйыр идентификациялоого мүмкүн болсо, мында бирдик жеке жана юридикалык жактарды же үй чарбасын билдирет. Өзгөчө учурларда, үчтөн көп бирдиктен турган топтолгон көрсөткүчтөргө, эгерде бул бирдиктердин бирөө кыйыр идентификациялана турган болсо, ал Улуттук статистика комитетинин төрагасы тарабынан купуя деп жарыяланышы мүмкүн;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын же банк ишин коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жашыруун сыр же банктык сыр деп жарыяланган маалыматтарга.

3. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү статистика, эгерде ал мамлекеттик жашыруун сырга же банктык сырга кирбеген учурларда гана статистикалык купуялуулук принциби менен коргоого жатпайт.

4. Жеке маалыматтарды камтыган статистикалык маалыматты топтоо, сактоо жана иштетүү тартиби жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-22)
