# 19-берене. Каттоо

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 1 февраля 2023 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112485)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929#diff=1220351..1220352>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 19-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19

---

1. Каттоо калктын саны жана түзүмү, турак жай фонду, айыл чарба жана экономикалык бирдиктер жөнүндө айрым мүнөздөмөлөрдү камтуучу маалыматтарды жалпы эсепке алуунун негизинде топтоону жана алууну камсыз кылуучу иш-чараны билдирет.

2. Каттоо маалыматтары статистикалык изилдөөлөрдүн, административдик маалыматтардын, башка булактардын негизинде же жогоруда белгиленген варианттарды айкалыштыруу менен түзүлөт.

Каттоо анын методологиясына жана түрүнө жараша документтик ырастоо (айыл чарба каттоосу) менен же документтик ырастоосуз жүргүзүлөт.

3. Каттоого катышуу бардык респонденттер үчүн милдеттүү болуп саналат.

4. Каттоо жалпы улуттук жана тематикалык болуп бөлүнөт.

Тематикалык каттоо расмий статистика жүргүзүүчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат. Аны өткөрүүнүн тартиби Улуттук статистика комитети жана башка расмий статистика жүргүзүүчүлөр тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 1-февралындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-181)  
Кийинки берене: [19-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-1)
