# 19-3-берене. Каттоо документтери

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 19-3-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-3

---

1. Каттоо документтери Улуттук статистика комитети тарабынан кызыкдар мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, коомдук уюмдардын катышуусу менен иштелип чыгат жана атайын комиссия тарабынан бекитилүүгө тийиш.

2. Каттоо документтерин алдыда боло турган каттоону өткөрүүнү уюштурууну жана анын жыйынтык маалыматтарын иштеп чыгуу технологияларын апробациялоо Улуттук статистика комитетинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен мөөнөттө жана көлөмдө пилоттук каттоо жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

3. Толтурулган каттоо документтери Улуттук статистика комитетинде жана анын аймактык органдарында бөтөн адамдар кире албаган жайларда сакталууга тийиш.

Каттоо документтерин сактоо мөөнөтү архив иши жөнүндө мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат. (КР 2023-жылдын 1-февралындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-2)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-20)
