# 19-2-берене. Жалпы улуттук каттоону өткөрүү тартиби

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 19-2-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-2

---

1. Улуттук статистика комитети жалпы улуттук каттоону уюштурууну жана координациялоону, жыйынтык маалыматтарын иштеп чыгууну жана жарыялоону жүзөгө ашырат.

2. Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде жалпы улуттук каттоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.

3. Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы улуттук каттоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан ишин жетектөө, контролдоо жана координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан атайын комиссия түзүлөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечими менен тиешелүү административдик-аймактык бирдиктерде тиешелүү комиссиялар түзүлөт. (КР 2023-жылдын 1-февралындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-1)  
Кийинки берене: [19-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-3)
