# 19-1-берене. Жалпы улуттук каттоо

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 19-1-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-1

---

1. Жалпы улуттук каттоо республикалык маанидеги иш-чара болуп саналат жана элди жана турак жай фондун каттоону, айыл чарбасын каттоону, ошондой эле экономикалык каттоону камтыйт.

2. Жалпы улуттук эл жана турак жай фондун каттоо, ошондой эле айыл чарбасын каттоо он жылда бир жолу дүйнөлүк каттоолордун кезектеги раундуна туура келген мөөнөттө өткөрүлөт.

Жалпы улуттук экономикалык каттоо беш жылда бир жолу өткөрүлүшү мүмкүн.

3. Кыргыз Республикасында жалпы улуттук каттоону өткөрүү, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

4. Жалпы улуттук каттоону даярдоо жана өткөрүү, алынган баштапкы маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо, жалпы улуттук каттоонун жыйынтык маалыматтарын жарыялоо жана жайылтуу боюнча чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу жана башка тартылган мамлекеттик органдарынын каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

5. Жалпы улуттук каттоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кошумча персоналды жалдоо жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 1-февралындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19)  
Кийинки берене: [19-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-19-2)
