# 18-берене. Административдик жана жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүк жана алардын пайдаланылышы

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929#diff=9007..56756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 18-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-18

---

1. Расмий статистиканы жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды топтоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр) расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө туруктуу негизде жана өз убагында акысыз берүүгө милдеттүү:

– өздөрүнүн карамагында турган административдик маалыматтарды расмий статистиканы жүргүзүү үчүн зарыл болгон көлөмдө жана деталдаштыруу деңгээлинде, анын ичинде зарыл болгон учурда идентификаторлор бар жекече маалыматтарды артыкчылыктуу түрдө интеграцияланган маалыматтык тутумдары же болбосо маалыматтарды берүүнүн башка корголгон каналдары аркылуу макулдашылган форматтарда;

– метамаалыматтарды, анын ичинде статистикалык максаттар үчүн маалыматтардын сапатын жана жарамдуулугун баалоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды топтоо жана баштапкы иштеп чыгуу методологиясы жөнүндө маалыматтарды.

2. Маалыматтарды жаңыдан топтоо пландалган, же болбосо берилүүчү маалыматтардын сапатына, көлөмүнө же өз убагында берилишине таасир этүүсү мүмкүн болгон аларды топтоо же иштетүү жол жоболору кайра каралган учурда административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр Улуттук статистика комитети менен, ал эми зарыл болгон учурда расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү менен алдын ала консультацияларды жүргүзүүгө милдеттүү.

3. Ушул беренеге ылайык алынган административдик жана жеке маалыматтар расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан статистикалык максаттарда гана жана ушул Мыйзамдын 5-беренесинде белгиленген принциптерге ылайык пайдаланылат.

4. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр жеке жеткирип берүүчүлөрдүн маалыматтарын эки тараптуу макулдашуунун негизинде сурап алууга жана пайдаланууга укуктуу, анда төмөнкүлөр аныкталат:

– берилүүчү маалыматтардын көлөмү, курамы жана форматы;

– маалыматты ээсиздендирүү жана коргоо тартиби;

– маалыматтарды пайдалануунун максаттары жана чектөөлөрү;

– маалыматтарды сактоо мөөнөттөрү жана жок кылуу тартиби;

– жеке жана юридикалык жактарды идентификациялоого жол бербөө боюнча чаралар;

– жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо милдети.

5. Административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибине ылайык расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө баштапкы маалыматтардын анык, толук жана өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.

6. Улуттук статистика комитети улуттук статистика тутумунун алкагында административдик жана жеке маалыматтарды пайдаланууну координациялоону жүзөгө ашырат.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-17)  
Кийинки берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-181)
