# 17-берене. Респонденттер

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 17-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-17

---

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр респонденттерге статистикалык изилдөөлөрдүн максаттары жана укуктук негизи, ошондой эле маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

2. Ар жылдык статистикалык программада статистикалык изилдөөлөргө катышуу респонденттердин белгилүү тобу үчүн, ошондой эле бардыгына же айрым маселелерге карата ыктыярдуу деп жарыяланган учурларды кошпогондо, статистикалык изилдөөлөргө катышуу респонденттер үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

3. Статистикалык изилдөөлөрдүн алкагында билдирилүүчү маалыматтар анык болуп саналат жана Улуттук статистика комитети жана башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан бекитилген форматта белгиленген мөөнөттө акысыз негизде берилет.

4. Эгерде жооптор белгиленген мөөнөттөрдө алынбаса же маалыматтарда карама-каршылыктар же кемчиликтер аныкталган учурларда, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр респонденттер менен кийинки иштерди жүргүзүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-18)
